2020-жылы “Алтын адамдын” дүйнө музейлериндеги жүрүшү уланат

2020-жылы "Алтын адамдын" дүйнө музейлериндеги жүрүшү уланат. Казакстандын улуттук символун Германия, Литва, АКШ, Сингапур жана Италиянын жашоочулары көрө алат. Бул тууралуу 2019-жылы Эл аралык көргөзмө долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктарына арналган маалымат жыйындын жүрүшүндө айтылды.

АБАЙ САТЫБАЛДИН, РКНЫН УЛУТТУК МУЗЕЙИНИН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул долбоор бир нече максаттарды көздөйт. Биринчиден, биздин бай маданий мурасты даңазалоо. Экинчиден, өлкөнүн маданий имиджин илгерилетүү. Үчүнчүдөн, чет элдик туристтерди Казакстанга тартуу жана музей иштери жаатында тажрыйба алмашуу.

Белгилей кетсек, масштабдуу долбоор “Руханий жаңыруу” программасын ишке ашыруунун алкагында 2017-жылы башталган. Акыркы эки жыл ичинде Казакстан элинин байыркы тарыхы, маданияты жана кайталангыс өнөрү менен Түркия, Малайзия, Греция, Түндүк Македония, Татарстан жана Өзбекстан тургундары таанышты.

ВАСИЛА ФАЙЗИЕВА, ӨЗБЕКСТАНДЫН МАМЛЕКЕТТИК ИСКУССТВО МУЗЕЙИНИН МҮДҮРҮ:

- "Алтын адамдын дүйнө музейлериндеги жүрүшү” Өзбекстанда абдан ийгиликтүү өттү десем жаңылышпайм. Эки мамлекеттин ортосундагы маданий байланыштар мындан ары да өнүгө берет. Албетте, мындай көргөзмөлөр эки өлкөнүн маданиятын өнүктүрүүгө зор салым болот.

ИЛЬНУР НИЗАМИЕВ, «КАЗАНДЫК КРЕМЛЬ» ИСЛАМ МАДАНИЯТ МУЗЕЙ – КОРУГУНУН  ЖЕТЕКЧИСИ / ТАТАРСТАН:

- «Soft power» деген маданий термин бар. Ал эл менен мамлекеттин күч-кубатын билдирген маанилүү саясий курал. Чындыгында, маданият, адабият, философиялык ой-толгоолор улуттук баалуулуктар менен элдин кудуретин болушунча таанытат. Дүйнөнү аралап жүргөн “Алтын адам” көргөзмөсү чыныгы «soft power» десем жаңылышпайм. Бул экспозиция Казакстанды глобалдык деңгээлде тааныта турган мыкты курал.

Окумуштуулардын айтымында, чет элдик көргөзмөлөрдө сунушталган экспонаттар, анын ичинде эң башкысы – Алтын адам өлкө тургундарына көчмөн империялардын тарыхы, гүлдөп-өнүгүүсү жана улуу жеңиштери менен жакындан таанытып, талаа цивилизациясы дүйнөсүнө чыгууга мүмкүндүк берет.

АЙГЕРИМ АКИМЖАНОВА, КАБАРЧЫ:

- Үч жылдын ичинде казакстандык Тутанхамон менен дүйнө боюнча бир миллиондон ашык адам таанышып үлгүрдү. Бул убакыт ичинде Алтын адам 12 мамлекеттин музейин кыдырды. Көчмөндөр цивилизациясынын баалуулуктарын даңазалаган өзгөчө экспонат дүйнө элдеринин чоң кызыгуусун туудурду. Алдыдагы жылы Казакстандын улуттук тарыхый белгиси дагы 5 мамлекетке аттанат деп пландалып жатат.

Фото: tengrinews.kz