«Сахнагер-2019» театр-сыйлыгы фестивалы

Нур-Султанда «Сахнагер-2019» улуттук сыйлыгы менен өлкөнүн театр өнөрүнүн мыкты кызматкерлери сыйланышты.

Бул республика боюнча драма, музыкалык, опера, куурчак жана жаштар театрларынын ишмерлери. Атайын кубоктун ээлери өз ишинин мыкты 18 адиси болду. Сахнанын төрт чебери өнөрдү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланышты, дагы эки белгилүү ишмер «Сахнадагы узак жашоо» сыйлыгынын лауреаты болду.

Ал эми 30 жаш артисттерге «Үмүт – Надежда» статуэткасы тапшырылды. Тандап алуу туруна Республиканын 50гө жакын жамааты катышты. Айта кетсек, иш-чара өлкөнүн маданият жана спорт министрлигинин колдоосу менен үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат.

АСХАТ МАЕМИРОВ, КАЗАКСТАНДЫН ТЕАТРЛАР БИРИМДИГИНИН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ, КРНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ:

-Эң алды менен бул - жылдын жыйынтыгы, чыгармачылык жетишкендиктер. Бул сыйлык, айрыкча жаш муундарга тажрыйбалуу артист деңгээлине көтөрүлүүгө чыгармачылык түрткү берет. Келечекте алар да бул сыйлыкты алууга умтулушат. 

ГУЛЬСИНА МИРГАЛИЕВА, “МЫКТЫ РЕЖИССЕР” НОМИНАЦИЯСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

-Мен жөнөкөй чыгармачылыгымдын ушундай бааланганы үчүн абдан ыраазымын, анткени биз албетте бул сыйлыкка эмес, көрүүчүлөрдүн кызыкчылыгы үчүн иштейбиз, менин жан дүйнөмдөн кандайдыр бир таасир алып жана мунун баары театрдык дүйнө таануубузду кеңейтүү үчүн жасалып жатат. Бирок калыстар тобунун жогору баалагандыгы кубандырат.