Казакстандын Улуттук музейине - 5 жыл

Борбор Азия аймагындагы эң жаш жана эң ири Казакстан Республикасынын Улуттук музейине – 5 жыл.

Нур-Султанда мааракелүү датага карай бештин айынын он сегизи менен он тогузунда эл аралык илимий конференция өтөт. 100дөн ашуун делегаттын башы бириккен жыйында башкы музейдин дүйнөлүк деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү менен мүмкүнчүлүктөрү талкууланат. Санжыралуу тарых менен баалуу маданий мурасты кенен таанытууда Алтын адамдын мааниси өзгөчө.

Отурумда Есик коргонунан табылган баалуу экспонаттын дүйнө өлкөлөрүн кыдыруусу талдалат. Бүгүнкү күндө 11 мамлекетти кыдырууга жетишкен экспозиция алдыда дагы 5 өлкөдө көрсөтүлөт. Ошондой эле, мааракелүү иш-чаранын алкагында акыркы археологиялык казуу жумуштарынын натыйжалары тааныштырылат. Көпчүлүктүн назарына биринчи сунуштала турган тарыхый олжолордун көпчүлүгү Чыгыш Казакстан аймагында эрте темир доорундагы «Елеке сазы» бейитинде табылган. 

АЙБАР КАСЕНАЛИ, КР УМ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Эстеликтерди изилдөө алкагында алтын буюмдардан жасалган баалуу экспонаттар жана адам колу тийбеген, жөрөлгөлүк жерге берүү орду табылды. Экспонаттар атайын илимий изилдөөдөн өткөрүлдү. Лабораториялык талдамалар жасалды. Эми бул иштердин бардыгы жасалып бүткөндөн кийин анын илимий реконструкциясы жасалат, кайра калыбына келтирилет. Анын кийими,  түсү жана бою кандай болгону такталат. Бардык буюмдар биздин Улуттук музейдин көргөзмөсүнө коюлат.

Фото: el.kz