Димаш Кудайбергендин концерти аншлаг менен өттү

 

Нью-Йоркто Димаш Кудайбергендин алгачкы жеке концерти аншлаг менен өттү. Музыкалык иш-чара Мадонна, Бейонсе, Рианна жана Пол Маккартни сыяктуу жылдыздар өнөр көрсөткөн атактуу «Барклайс Центр» аренасында болуп, казакстандык ырчы «Arnau tour ENVOY» программасын тартуулады. Концерт АКШдагы Казакстан күндөрү алкагында өлкөнүн Маданият жана спорт министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Димаш эски ырларды, ыр кечесине атайын даярдаган жаңы чыгармаларды да көпчүлүк назарына тартуулады. Ырлар казак, англис, орус жана кытай тилдеринде аткарылды. Сүйүктүү ырчысы менен жолугушууну чыдамсыздык менен күткөн күйөрмандар Димашты абдан жылуу кабыл алды.

КАНАТ АЙТБАЕВ, ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕНДИН АТАСЫ:

- Биздин ырлар бүткүл дүйнөгө жаңырса экен деп каалаганбыз. Бул кыялыбызды Димаш иш жүзүнө ашырды. Бардыгы казак тилиндеги ырды укту. Биздин кубанычка чек жок.

СВЕТЛАНА АЙТБАЕВА, ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕНДИН АПАСЫ:

- Бул бир гана Димаштын эмес, биздин үй-бүлөнүн кыялы болгон. Димаш бала чагында: «Мен өзүмдүн талантымды көрсөтүп, дүйнө жүзүнө ырдагым келет» дечү. Биз өз кезегинде ата-эне катары анын кыялына жетиши үчүн колдон келгендин баарын жасадык. Бүгүн биз анын жыйынтыгын көрүп жатабыз. Мен Димаштын бардык күйөрмандарына ден соолук, өнүгүп-өсүүнү каалайм. Ошондой эле, бардыгына ыраазычылыгымды билдирем.

Фотo: ru.sputniknews.kz