Нур-Султанда «Родительница степь...» көргөзмөсү ачылды

Акын менен диалог. Павлодардык сүрөтчү Виктор Поликарповдун чыгармалары сөз чебери Павел Васильевдин эмгектерине арналган. Акын казак талаасынын кооздугун ырдап, элдин уламыштары менен эпосторун орус тилине которгон. Казак маданиятын орус окурмандарына тааныштыруу, эки элди жакындаштыруу жолунда эмгектенген.

Васильевдин чыгармалары ар бир боектун сызыктары жана чекиттеринен окулгандай таасир берет. Графика жанрында иштеген кыл калем чебери: «мага Васильевдин евразиялык идеясы жакын», - дейт.

Нур-Султандагы Орусиянын илим жана маданият борборундагы экспозицияга сүрөтчүнүн 20га жакын эмгеги коюлган. Борбордун жашоочулары менен коноктору көргөзмөнү үчтүн айынын ортосуна чейин көрө алышат.

КОНСТАНТИН ВОРОБЬЕВ, КАЗАКСТАНДАГЫ ОРУСИЯ КЫЗМАТТАШЫГЫ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮН БАШЧЫСЫ, ОРУСИЯНЫН ИЛИМ ЖАНА МАДАНИЯТ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

-Павел Васильевдин чыгармачылыгы бир гана Александр Градскийге эмес, көптөгөн адамдарга эргүү берген. Анын ичинде павлодардык сүрөтчү Виктор Поликарпов да бар. Анын жашы 81де. Ал Павлодар шаарында жашайт. Нур-Султанга сүрөтчү өзүнүн Павел Васильевдин чыгармаларынан кийин жаралган өнөр эмгектерин атайын алып келди. Бул жерде акындын ырларын негизге алып тартылган картиналар сунушталган. Автордун жеке коллекциясынан алгачкы басылган чыгармалары коюлду. Бул картиналарды бир гана биздин көргөзмөдөн көрө аласыздар. Ошондуктан биз Павел Васильевдин өнөрүн баалоочуларды, бир гана Павел Васильевдин эмес, албетте казак талаасынын өнөрүн баалоочуларды чакырабыз.

Фото: ru.sputniknews.kz