Абиш Кекилбай уулунун ысымы даңазаланды

 

Нур-Султанда Абиш Кекилбай уулунун ысымы даңазаланды. «Казак концерт» залында калемгердин 80 жылдыгына арналган концерт өттү. Катары калың көрүүчү эл жазуучунун адабий мурасына негизделген концерттик программаны, театралдаштырылган спектаклди көрдү.

Сахнада салттуу обон өнөрүнүн сакчылары өз талантын көрсөттү. Иш-чараны көрүүгө келгендер акындын эмгек жолу менен чыгармаларынан руханий азык алып кайтышты.

САУЫТБЕК АБДРАХМАНОВ, РК ПАРЛАМЕНТ МАЖИЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Дал ушундай иш-чаралар руханий жаңыруу болуп жатканынан кабар берет. Биздин эл өзүнүн улуу инсандарын жогору баалайт. Биз алар менен сыймыктанабыз. Ушул иш-чарага катышкан бардык адамдарга окурман, Абиш аганын иниси жана ал жөнүндө китеп жазган адам катары чын жүрөгүмдөн ыраазычылыгымды билдирем.

Фото: kazenc.kz