Нур-Султанда Жапониянын заманбап графикалык көргөзмөсү ачылды

Борбордо «Назик тең салмактуулук» аттуу уникалдуу көргөзмө ачылды. Бул жерде заманбап тогуз жапон сүрөтчү-графисттеринин эмгектери сунушталган.

Көргөзмөгө жалпасынан 70тен ашык экспонат коюлган. Алардын бардыгы стиль жана темпераменти боюнча ар түрдүү. Бирок ар бир картинадан Күн чыгыш өлкөсүнүн улуттук өзгөчөлүктөрүн көрүп, анын маданиятын жакындан таанууга болот.

НОРМАН ТОЛМАН, ЖАПОН ГРАФИКАЛЫК ӨНӨРҮНҮН КОЛЛЕЦИОНЕРИ:

-Жапон графикасы Казакстанда анча белгилүү эмес. Ошондуктан бул жерде  ушундай көргөзмөнү уюштурууну туура көрдүм. Бул уникалдуу экспозицияны сиздердин назарыңыздарга сунуштап жатканыма абдан кубанычтамын. Бул жерге өзгөчө мыкты чеберлердин эмгектерин алып келүүгө аракет кылдым.

Фото: А. Кастеев атындагы мамлекеттик өнөр музейи