Нур-Султанда Айгүл Саитованын жеке көргөзмөсү ачылды

«Нур, сүйүү, гармония». Дал ушундай аталыш менен Нур-Султанда Айгүл Саитованын жеке көргөзмөсүнүн эшиги кенен ачылды. Өз чыгармаларына автор жеке аталыш берүүнү орунсуз деп эсептейт. Айтымында, көрүүчү картинага караган кезде бир гана тема менен чектелбеши керек.

Өнөр сүйгөн коомдун назарына автордун 40тан ашуун эмгеги сунушталды. 12 жылдан бери сүрөтчүлүк менен алектенип келе жаткан кыл калем чебери буга чейин өз эмгектерин Казакстандан башка, Лондондо жана Бишкекте тааныштырган.

Ошондой эле, ЭКСПО-2017 көргөзмөсү кезинде да автордун чыгармалары «Healingart» аянтында көрсөтүлгөн.

АЙГҮЛ САИТОВА, СҮРӨТЧҮ:

-Менин негизги багытым – эмгектерим адамдарга ички гармония, тынчтык тартууласа дейм. Менин иштерим ишеним, сүйүү, гармония, жакшылыкка болгон жарыкты алдыга тартат. Кандай гана кырдаал болбосун жарык эң алгач адамга ишеним тартуулайт. Ал картина аркылуу берилген жарык болсун же башка өнөр аркылуу берилсин. Келүүчүлөр менин картинама жакындай түшкөн мезгилден эле белгилүү бир энергияны алат деп ойлойм. Ал эми менин картиналарым бир гана жагымдуу энергия берет. Аны көрүүчү сезе алат.

Фото: old.elorda.info