Алматыда VIII «Бастау» кинофестивалы башталды

 

Алматыда студенттик жана дебюттук тасмалардын «Бастау» VІІІ эл аралык кинофестивалы башталды. Быйыл ал жаңы форматта уюштурулууда. Биринчи жолу сынакта толук метраждуу тасмалар электен өткөрүлмөкчү. Калыстар тобунун назарына жалпы 10 тасма сунушталат.

СЕРГЕЙ АЗИМОВ, «БАСТАУ» ЭКФ ПРЕЗИДЕНТИ:

- Фестивалга 29 мамлекет катышууда. Биз фестивалдын кызыктуу өтүп, жаш киночулардын бири-бири менен таанышуусу үчүн шарттарды түзүүнү ойлонуштурдук. Чеберчилик сааттарынын программасы абдан мазмундуу.

Фестивалдын арт-мүдүрү Диана Ашимованын айтымында, программада бир-нече эл аралык сынактар караштырылган. Алсак, Bastau shorts кыска метраждуу эмгектерге арналса, Bastau debuts-та толук метраждуулар тааныштырылат.

Фестивалга Европа, алыс жана жакынкы чет мамлекеттерден эмгектер сунушталды. Быйыл биринчи жолу непалдык кинематографистер катышат. 

ИГОРЬ СУКМАНОВ, «БАСТАУ» ЭКФ КАЛЫСТАР ТОБУНУН МҮЧӨСҮ:

- Калыстар тобунун алдында турган милдеттердин бири – кинематография тармагын тандаган жаш адистерди колдоп, көтөрмөлөп, өзүн-өзү таанытууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

Толук метраждуу дебютчунун ишин баалай турган калыстар тобунун курамына абройлуу серечилер кирген. Белгилеп айтканда, орусиялык режиссер Михаил Сегал, испаниялык киносынчы Роберто Куэто, француз продюсери Денис Васлин, орусиялык актриса Нелли Уварова жана казакстандык актер, продюсер Фархат Абдраимов. Көрүүчүлөр беш күндүн ичинде ар кандай жанрдагы 80 картинаны көрө алышат.

Фото: tengrinews.kz