Казактын булбулу Бибигүл Төлегенова 90 жашта

 

Казактын белгилүү ырчысы, булбул үндүү Бибигүл Төлегенова 90 жашта! Нур-Султан шаарында өнөрү менен далай адамдарды таң калтырган устаттын туулган күнүнө карата чыгармачылык кече болуп өттү.

СССР жана Казакстандын Эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Бибигүл Ахмет кызы дүйнөнүн эң беделдүү сахналарында өнөр көрсөткөн. Нью-Йорк, Лондон, Париж, Рим, Токио угурмандары анын уникалдуу үнүнө тамшанышат. Ал эми анын аткаруусундагы «Гакку» ыры ар бир адамдын жүрөгүн багындырганы шексиз.

 «Астана Опера» сахнасында белгилүү ырчынын шакирттери менен бирге Бибигүл Төлегенова атындагы Эл аралык вокалчылар сынагынын жеңүүчүлөрү өнөр көрсөтүштү.

ОРЕСТЕ КОЗИМО, БИБИГҮЛ ТӨЛЕГЕНОВАНЫН Х ЭЛ АРАЛЫК ВОКАЛИСТТЕР СЫНАГЫНЫН  ГРАН-ПРИСИНИН ЭЭСИ, ИТАЛИЯ:

-Мен Бибигүл Төлегенова эң сонун сопрано үнүнүн ээси экенин билем. Аны бүткүл дүйнө тааныйт. Италияда бул эл аралык сынакты да баары билет. Ошондуктан бул сынакта жеңишке жетүү ар бир артист үчүн ийгилик. Албетте, мен үчүн чоң кубаныч. Мен буга чейин сынакка байланыштуу Алматы шаарында болгом. Нур-Султан шаарына биринчи жолу келип жатам. Италиялык үчүн абдан суук. Ошентсе да, мен абдан бактылуумун.

Кечеде казакстандык жана чет өлкөлүк композиторлордун операларынан ариялар, элдик ырлар, романстар жана оркестрдик чыгармалар аткарылды.

Фото: almaty.tv