Красноярск мамлекеттик опера жана балет театры Нур-Султанда

 

Хворостовский атындагы Красноярск мамлекеттик опера жана балет театры Казакстанга гастролдук сапары менен келди. «Астана Опера» сахнасында жамаат «Князь Игорь» операсын тартуулашты. Бул театрдын репертуарындагы эң жаркын спектакль.

Опера өзүнүн татаал тагдыры менен белгилүү. Александр Бородин аны 18 жыл аралыгында түзүүгө аракет кылган. Бирок соңуна чыга алган эмес. Ал каза болгондон кийин композитор Глазунов өзүнүн мугалиминин ишин аягына чыгарды. Бүгүнкү күнгө чейин «Князь Игорь» көрүүчүлөрдүн арасында белгилүүлүгүн жоготпой, Сибирь театрынын өздүк таанытма картасы катары кала берет.

СВЕТЛАНА ГУЗИЙ, Д.ХВОРОСТОВКИЙ АТЫНДАГЫ КРАСНОЯР МАМЛЕКЕТИТК ОПЕРА ЖАНА БАЛЕТ ТЕАТРЫНЫН МҮДҮРҮ:

-Биз албетте, өзүбүздүн сүйүктүү спектаклдерибиздин бири, Бородиндин операсы – «Князь Игорду» тандап алдык. Дал ушул спектакль менен 30 жыл мурда театр коомчулукка өз эшигин ачкан. Ошол мезгилде Красноярск шаарына 350 жыл толгон. Ал эми азыркы тапта бул жаңы спектакль. Опера 2013-жылы коюлган жана бул өзүнүн балети менен өзгөчөлөнөт. Тактап айтсак, бул – эч кимди көңүл кош калтырбай турган «Половец кыймылдары».

Красноярск театрынын дагы бир белеги атактуу хореограф Григоровичтин жетекчилиги менен коюлган «Раймонда» балети болду. Борбор шаардын жашоочулары менен коноктору орто кылымдык атмосфера, испан-араб жана венгер мотивдерине толгон татаал спектаклге күбө болушту.

Фото: ru.sputniknews.kz