Нур-Султанда музейдеги түн иш-чарасы өтөт

Нур-Султанда музейдеги түн иш-чарасы өтөт. Борбордун жашоочулары менен коноктору жетинин айынын жыйырма тогузунда Улуттук музейдеги мазмундуу программаны көрө алышат.

Мерчемделген иш-чаралардын арасында «Жанданган базар: «Абай» аттуу чакан театралдык спектакли, ректордук балл, цирк артисттеринин шоусу жана концерттик программа бар. Уюштуруучулардын айтымында, бул уюштурула турган саамалыктардын бир бөлүгү гана.

Аны менен бирге, келүүчүлөрдү ар кандай темалардагы көргөзмөлөрдүн ачылышы, чеберчилик сабактар, ошондой эле, борбордун жашоочулары менен конокторун казак элинин бай тарыхы, маданияты жана салт-санаалары менен тааныштыра турган экскурсиялар кубантат.

АЛМАЗ НУРАЗХАН, РК УЛУТТУК МУЗЕЙ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул түнү египеттик раритеттерди көрсөтөбүз, бизде күн сайын көрсөтө бербеген музей фонддорубуз бар. Мерчем боюнча биз музейде боз үй тигип, анын ичиндеги буюмдарды келүүчүлөр менен конокторго көрсөтөбүз. Ошондой эле, чүкө оюнунун бир нече түрүн көрө аласыздар. Бул жерде көргөзмөлөр менен тааныштырып, багыт көрсөтө турган гиддерден башка, атайын адистер болот. Тагыраак айта турган болсом, археологдор менен тарыхчылар багыт көрсөтөт.

Фото: inform.kz