Нур-Султанда Нина Терещенконун жеке көргөзмөсү ачылды

Славян жана түрк мифтеринин укмуштуу айкалышы. Нур-Султанда Казакстан сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү Нина Терещенконун жеке көргөзмөсү өтүүдө.

Мында сунушталган эмгектер славян дүйнөсү менен Чыгыш элдеринин эң жаркын маданий “казынасын” чагылдырып турат. Күчтүү баатырлар, тайманбас бүркүттөр, сак падышасы Томирис жана библиялык образдар чебердин сүрөттөрүндө “тирүүдөй” көрүнөт.

Экспозицияда бардыгы болуп 56 сүрөт коюлган. Бул сүрөтчүнүн акыркы үч жылдагы чыгармалары. Нина Терещенко “көркөм сүрөт” стилинде иштейт. Көбүнчө графика жана акварель ыкмаларын колдонот.

НИНА ТЕРЕЩЕНКО, КАЗАКСТАН СҮРӨТЧҮЛӨР БИРИМДИГИНИН МҮЧӨСҮ:

– Эмне үчүн жомок? Анткени жан дүйнөбүздө жомоктогудай ар дайым сулуулукка умтулуу бар. Балалык кез эң жакшы мезгил. Ошондуктан мага уламыштарды, жомокторду, болмуштарды, кандайдыр бир тарыхый учурларды жазып алуу жагат. Эгерде бир нерсени окусаң же балким тасма көрсөң, китеп окусаң, мисалы мен «Призрак оперы» чыгармасын окудум жана өзүмдүн көз карашымды жазгым келди. Эмне жакса, ошонун жан дүйнөдө кала турганын адамдар аркылуу көрсөткүсү келет, эгер бул башка бирөөгө жага турган болсо, анда албетте сүрөтчү үчүн эң жакшы.

Фото: ru.sputniknews.kz