Нур-Султанда “Улуу талаанын жаштыгы” көргөзмөсү өттү

“Улуу талаанын жаштыгы”. Нур-Султанда Казакстандын Туңгуч Президентинин күнүнө арналган сынактын жеңүүчүлөрү менен лауреаттарынын эмгектеринин көргөзмөсү ачылды. Экспозицияда кооздук-колдонмо өнөр, живопись, графика жана айкел сыяктуу жанрдагы чыгармачылык жарышка катышкан катышуучулардын 20дан ашуун эмгектери коюлган. Эскерте кетсек, сынакты бирдин айында Эл башы Китепканасы менен борбордун сүрөтчүлөр биримдиги жарыялаган. Аталган сынакка өлкөнүн булуң-бурчунан келген чебелер катышты. Уюштуруучулардын айтымында, алардын башкы максаты – жаштардын чыгармачылык демилгелерин колдоо жана байыркы улуу инсандардын элестеринин азыркы замабап галлериясын калыптандыруу.

КУЛАЙША АКТАЕВА, КР ТУҢГУЧ ПРЕЗИДЕНТИ – ЭЛ БАШЫ КИТЕПКАНАСЫНЫН МҮДҮРҮ:

-Бул биздин туулган жерибиздин, Улуу талаанын мотивдери.  Аларды чеберлер жараткан ар бир эмгектерден, кийиз жасалгалардан, графикаларынан  сезүүгө болот. Ошондуктан биздин тапшырма ийгиликтүү ишке ашты деп айта алам. Баарыбызга белгилүү болгондой 2020-жыл маанилүү, майрамдык даталарга бай. Демек, биздин белгилүү жана жаңыдан өз ишин баштап жаткан чеберлер аткарган экспозициясынын бир бөлүгүн Нур-Султан шаарынын тургундары менен конокторуна сунуштай алабыз.

Фото: presidentlibrary.kz