Нур-Султан сахнасында «Коппелия» балети

Ролан Петинин  сүйүү менен сооротуу окуясын баяндаган «Коппелия» балети «Астана Опера» сахнасында. Бет ачарга соңку даярдыктар өтүүдө. Балет үчүн сейрек жанр комедияга бийчилелердин ар бир кыймылы ылайыкташтырылган. Алардын жеңил жана ыргактуу аткарыла турган бийи окуя желесине жетелейт. Ал эми заманбап технологиялык чечимдер балеттин мазмунун толуктайт.

АЛТЫНАЙ АСЫЛМУРАТОВА, «АСТАНА ОПЕРА» ТЕАТРЫНЫН БАЛЕТ ТРУППАСЫНЫН КӨРКӨМ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Чынын айтсам, даярдыкка аз убакыт кетти. 3 жума. Бул чоң спектакль үчүн абдан аз деп эсептелет. Спектакль эмнеси менен өзгөчөлөнөт, билесизби? Бул жерде көптөгөн техникалык багыттын сыйкырдуу жактары бар. Шамдардан түтүн чыгуусу керек, куурчактын кыймылдашы шарт деген сыяктуу. Бул жерде бардыгы туура чыгуусу үчүн ушундай маанилүү жактары бар.

Бирок, «Астана Опера» театрынын балет труппасынын аткаруусундагы «Коппелиянын» башкы өзгөчөлүгү бар. Коппелиустун ролун белгилүү италиялык балетмейстер Луиджи Бонинонун өзү аткарат. Ал труппа менен иш алып баруу үчүн 1 ай мурда атайын келген. Аны менен бирге, спектаклде Францтын ролун Бахтияр Адамжан аткарса, Айгерим Бекетаева Сванильданын кейпинде өнөр көрсөтөт.

АЙГЕРИМ БЕКЕТАЕВА, «АСТАНА ОПЕРА» ТЕАТРЫНЫН ЖЕТЕКЧИ СОЛИСТИ:

- Мен үчүн бул спектаклде эң  чоң бакыт – Луиджи Бонино менен бир сахнада өнөр көрсөткөнүм. Ал адамдан жагымдуу энергетиканы сезем. Ушундай улуу инсан менен бир сахнада ойлонбостон дароо иштешип кетесиң. Менимче абдан сонун спектакль болду. Сахнадагы өнөрүм аркылуу каарманымдын кулк мүнөзүн өз көз карашым менен көрсөтүүгө аракет кылдым. Эң биринчи Францка болгон сүйүүмдү жана Коппелиус менен оюмду жеткиргим келди. Мен үчүн кыйын жагы ушул болду.

Кубаныч менен кайгысы бирге жүргөн, сыйкырдуу, чытырман окуяга бай спектакль улуу муунга да, балдарга да унутулгус таасир калтырары шексиз. Премьера алдыдагы эс алуу күндөрүнө мерчемделген.

Фото: Астана Опера