Сакен Сейфуллин атындагы драма театрынын актёрлору Бишкекте өнөр көрсөттү

Караганды облустук Сакен Сейфуллин атындагы драма театрынын актёрлору Кыргызстанга гостролдук сапар жасады. Бишкек сахнасында артисттер биринчи жолу «Фариза жана Мукагали» спектаклин койду. Бул спектаклде белгилүү казак акыны Мукагали Макатаевдин чыгармачылык изденүүлөрү менен убайымдары тууралуу баяндалат. Спектаклга актёрлордун монологдору, ошону менен катар, музыка жана хореографиялык элементтери кирди.

САНСЫЗБАЙ БЕКБОЛАТОВ, ТЕАТР МҮДҮРҮ:

- Театр бири-бирин көрүп өспөсө, аралашпаса, бири-бири тууралуу билбесе өнүкпөйт. Биздин кыргыз менен казак театрлары коңшу, анан да кыргыз-казак бир тууган дейт эмеспи. Ошондуктан биз үчүн бул өтө кымбат. Биз Оштогу фестиваль, Бишкекте өтүп жаткан фестивалдардын бир канчасына катышып көргөнбүз. Ошондуктан бул театрлардын ичинде Учур, андан кийин бул театрды көрдүм.

Театр өкүлдөрүнүн айтымында, эң башкысы Мукагали Макатаев образын мыкты чыгармачыл инсан катары ачуу максаты коюлган. Акындын өз чыгармаларына кандай талап менен карагандыгын, чыгармачылык жолунда жасалма жана жөнөкөйлүккө жол бербегендигин көрсөткүсү келген. Анткени Макатаев поэзияны баарынан бийик койгон.

АЛМА БЕКБОЛАТОВА, АДАБИЯТ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Жакында гана академиялык театр макамын алдык. Бул биз үчүн чоң кубаныч, сыймык. Бишкекке ошол үчүн келдик. Өнөрүбүздү таанытуу үчүн бир нече жаңы спектакль даярдаганбыз. Аларды өткөн жылы даярдаган элек. Казакстанда көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк тапканга жетиштик. Ошондой эле, бул спектаклдер эл аралык сынактарда байгелерге ээ болду. Көрүүчүлөр чын ыклас менен кабыл алышты. 

Караганды облустук драма театры тартуулаган дагы бир спектакль «Эч ким күнөөлүү эмес» деп аталат. Бул драманын негизинде ата-энелер менен балдардын ортосунда болуп жаткан түшүнбөстүк камтылган. Пьесанын максаты - улууларды сыйлоого жана урматтоого чакыруу.

Фото: mangystaumedia.kz