«New Music Generation» биринчи Эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Нур-Султан шаарында дүйнөнүн мыкты жаш обончулары аныкталды. «New Music Generation» биринчи Эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. 41 катышуучу өнөр сынагынын лауреаты аталды.

Эскертке кетсек, онлайн режиминде өткөн сынакка 35 жашка чейинки жаш композиторлор ат салышкан. Жалпы жарышка дүйнөнүн 24 өлкөсүнөн 115 композитордун  200дөн ашуун партитурасы жиберилген. Алар симфониялык, камералык жана вокалдык чыгармалар деп үч топко бөлүнүп, эл аралык даражадагы өнөр адамдары баалашты. Максаты – классикалык жана заманбап академиялык музыканы даңазалап, жаш обончулардын талантын колдоо.

РАХАТ-БИ АБДИСАГИН, СЫНАКТЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖЕТЕКЧИСИ, КАЛЫСТАР ТОБУНУН ТӨРАГАСЫ:

- Өлкөбүздө биринчи жолу уюштурулган ири музыкалык иш-чара Казакстандагы жаштар жылын татыктуу деңгээлде жыйынтыктады.  АКШ, Канада, Мексика, Чили, Азия континентинен Кытай, Жапония, Малайзия, Иран, Европа менен КМШнын бардык өлкөлөрү сынакка жигердүү катышты. Керек болсо, узак убакыт бою уюштурулуп келген салттуу европалык обондуу сынактарында катышуучулардын географиясы дал ушундай кеңири масштабда болбойт. Бул жерде сунушталган партитуралардын кесипкөй сапаты менен деңгээли дүйнөнүн мыкты сахналарынын төрүндө аткарууга татыктуу.

Фото: media.inform.kz