Казакстандык театр артисттери Молдовада өнөр көрсөтүүдө

Казакстандык театр артисттери Молдовада өнөр көрсөтүүдө. «Молдфест» эл аралык фестивалында алматылык “Жаш сахна” театрынын труппасы Пугачёв көтөрүлүшү тууралуу спектакль койду. Сынчылардын айтуусунда, Алексей Шеместин “Пугачёв. Рождение” чыгармасы жаңычыл долбоор, ал эми анда башкы ролду ойногон Марат Амираев – быйылкы фестивалда мыкты деп аталды.

«Пугачёв. Рождение» - моно спектакль, башкача айтканда, сахнада бардык каармандарды бир гана актёр ойнойт. Спектаклдин татаалдыгы жана тереңдиги аны коюучулардын сезимин жеткире алгандыгында. Марат Амираев “Пугачёв” чыгармасынын башкы каарманы гана эмес, ошондой эле ал спектаклди коюга эргүү берген инсан.

МАРАТ АМИРАЕВ, «ПУГАЧЁВ. РОЖДЕНИЕ» СПЕКТАКЛИНДЕГИ БАШКЫ РОЛДУ АТКАРУУЧУ:

- Бул чыгарма сүрөтчү тууралуу, өз оюн жеткиргиси келген сүрөтчү жөнүндө. Анын татаалдыгы, ал тургай кээде оңой эместиги жөнүндө. Сүрөт менен боёкторду алып, анын айланасындагы дүйнөнүн чындыгын сүрөткө түшүрүү - биз үчүн башкы маселе болуп саналат.

Каармандардын образын сыпаттоо, режиссёрдун иши менен таланттуу актёрдун чеберчилиги көрүүчүлөргө белгилүү «Пугачёв» поэмасын жазуу үстүндөгү Есенинди көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Акындын бул чыгарманы жазуусуна эмне түрткү болду, эмнени ойлоду жана эмнеден күмөн санады, ошондой эле, чарбалардын кайгы-муңу менен бүлүк салуучу Емельянга көз карашы.

АЛЕКСАНДР ПЛАТУНОВ, ТЕАТР ТААНУУЧУ:

- Акыркы 50 жылда өлкөдө калганы - Любимовскийдин Пугачёву, Высоцкий менен анын белгилүү интонациялары. Башка эч нерсе жок, эмнеге?  Тексти жакпайбы? Бул текстти жактырбоо мүмкүн эмес. Чамаң жетпейт! Менимче бүгүн биз Есенин жөнүндө сейрек кездешкен спектаклди көрө алдык. 

АРМИНЕ ОГАНЕСЯН, ТЕАТР СЫНЧЫСЫ:

- Жакында гана Казакстанда өткөн фестивалга катыштым, Көкчөтоо шаарында мыкты иш-чара өттү. Мына бүгүн да бул тема уланууда. Мен Казакстан, анын маданияты, театр өнөрү менен олуттуу тааныштым. Мында казакстандык мыкты актёрлордун бирин көрдүм.

Фото: elgezit.kg