Нур-Султанда түрк тасмаларынын жумалыгы башталды

Нур-Султанда түрк киносунун жумалыгы башталды. Алгач көрүүчүлөргө режиссёр Осман Симавдын “узун тарых” драмасы көрсөтүлдү. Тасма 70-жылдары Болгариядан Түркияга келген Алинин жашоо тарыхын баяндайт. Бул фильмде казакстандык көрүүчүлөргө жаккан актёр Кенан Имирзалыоглу роль ойнойт. Кино көрсөтүү күн сайын кечки сеанс менен жетинин айынын 25не чейин борбордук кинотеатрлардын биринде өтөт. Бардык фильмдер орус тилинде субтитрлери менен коштолот. Уюштуруучулардын пикиринде, мындай көрсөтүүлөр Казакстан менен Түркия элин мындан да жакындатат жана эки өлкө ортосунданы маданий диалогго салым кошот.

АЛМАГУЛЬ ИСИНА, РКНЫН ТҮРКИЯ ЭЛЧИЛИГИ АЛДЫНДАГЫ ЮНУС ЭМРЕ АТЫНДАГЫ ИНСТИТУТ МҮДҮРҮНҮН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

- Бул фильмдердин жанрлары ар түрдүү. Тарыхый тасмалар, драмалык, романтикалык кинолор да бар. Бул фильмдердин сценаристтери жана режиссёрлору абдан белгилүү түрк жарандары. Бул тасмалардын бардыгы өз жанрларынын эң мыктылары.

Фото: pinterest.com