Пусан артисттери Нур-Султанда Корей салттуу өнөрүнүн концертин тартуулашты

«Астана Балет» театрында Пусан улуттук Корей салттуу өнөр борборунун артисттеринин катышуусу менен «Beautiful Korea. Dynamic Busan» аттуу корей салттуу өнөрүнүн концерти өттү. Иш-чара Казакстан менен Кореянын ортосундагы кызматташтык карым-катнашты негизге алып уюштурулган. Кореядан атайын келген артисттер табити жогору көрүүчүгө Пусан шаарына тиешелүү салттуу аткаруучулук өнөрдүн уникалдуу маданиятын көрсөтө турган кызыктуу музыка менен бий кечесин сунушташты. Белгилей кетсек, кечени Корея Республикасынын Элчилигинин Корей маданий борбору уюштуруп жатат.

КАН ДЖОН ЕНГ, ПУСАН УЛУТТУК КОРЕЙ САЛТТУУ ӨНӨР БОРБОРУНУН АРТИСТИ:

- Биз алып келген концерттик программа көрүүчүнүн купулуна толду деп ойлойм. Кечеде ар кандай бий өнөрү менен бирге, салттуу аспаптар менен обондорду аткардык жана эң башкысы биздин казак эли үчүн атайын даярдалган номерибиз - аспаптардын коштоосу менен «Дудар ай» ырын тартуулап жатабыз. Бул биздин Казакстанга биринчи жолу келишибиз. Меймандос калк экен. Бардыгы жагып жатат.

Фото: ussurmedia.ru