Нур-Султанда «New Music Generation – 2019» композиторлор сынагы башталды

Нур-Султанда масштабдуу иш-чара башталды. Дүйнөнүн 24 өлкөсүнүн 115 композитору эл аралык "New Music Generation" сынагында таймашат.

Чыгармачылык сынак Казакстандагы Жаштар жылы алкагында биринчи жолу уюштурулуп жатат. Анын максаты – классикалык жана заманбап академиялык авторлоруна колдоо көрсөтүү болуп саналат. Сынакка жашы 35ке чейинки композиторлор катышууда. Алардын ичинен 200дөн ашык партитуралар келип түшкөн. Таланттуулардын композитордук чеберчиликтерин баалоого казакстандык жана чет элдик беделдүү музыканттар тартылды. Ошондой эле, сынак алкагында чебердик сабактары пландалган.

РАХАТ-БИ АБДЫСАГИН, СЫНАКТЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖЕТЕКЧИСИ:

- Композиторлор сынагы биздин өлкөдө гана эмес, эл аралык маданият менен өнөр дүйнөсүндөгү масштабдуу окуя. Партитуралар менен таанышкандан кийин сынакка жиберилген иштердин деңгээлине карап, биздин сынактын азыркы учурдагы эң беделдүү экенин түшүнүүгө болот.

МАРТАН ЛОРИДАН, КАЛЫСТАР ТОБУНУН МҮЧӨСҮ / ФРАНЦИЯ::

- Бул окуя Казак улуттук өнөр университетинин жана Казакстан борборун эл аралык сынактар картасына киргизүүгө жол ачты. Анткени бул жогорку деңгээлдеги алгачкы ири окуя. Катышуучулардын жаш деңгээли да ар башка. «Симфониялык чыгарма», «Камералык чыгарма», «Вокалдык чыгарма» сыяктуу номинациялар бар. Сынакта башкалардан айырмачылык жагы да ушул.

Фото: gloss.ua