“Сезим толкуну: Германия 19/19” фото көргөзмөсү

Сезим жана эмоция. Немис элинин өткөн кылымдагы тарыхый окуялары жеке көз караш аркылуу. “Сезим толкуну” Германия 19/19”. Ушундай аталыш менен борбордук заманбап өнөр галереясында Казакстандагы Германия элчилиги сунуштаган фото көргөзмө ачылды.

Анын авторлору немис тарыхчылары Уте жана Беттина Фреверт. Алардын экспозициясынын негизин архивдик фото сүрөттөр, тарыхый документтер, ошондой эле маалыматтык сүрөттөр жана кылдаттык менен тандалган видео роликтер түзөт. Өнөр таануучулардын айтымында, автордук идея немис мамлекетинин тарыхындагы бурулуш учурларын жаңыча түшүнүүгө мажбурлайт.

БАУЫРЖАН САГИЕВ, ЗАМАНБАП ӨНӨР ГАЛЕРИЯСЫНЫН АРТ-МҮДҮРҮ

- Бул көргөзмө мамлекеттин 100 жылдыгына, Берлин Дубалынын кулоо окуясына 30 жыл толгондугуна арналган. Бул анык маанисинде маалыматтык көргөзмө деп атоого болот. Ар бир постерден белгилүү бир убакытта Германия калкынын кандайдыр бир сезимдери байкалып тургандай. Бул глобалдык долбоор, аны Германия элчилиги бардык өлкөлөрдө уюштурушат.

Фото: afisha.74.ru