Борбордо “жаңы көз караш” аттуу көргөзмө ачылды

Таланттуу өнөрпоз Сырым Мүсирептин борбордо экинчи жеке көргөзмөсү ачылды. Аталган иш-чара Жаштар жылына карата өткөрүлүп жатат. Өнөр ээси жаш муунга айта тургандарын өз чыгармалары аркылуу жеткирген. «Жаңы көз караш» деп аталган көргөзмө 1 айга жакын уланат. 30дан ашык чыгарманын ичинде жалаң картиналар эле эмес, «Туруктуулук», «Ишеним» деп аталган айкелдер да бар. Мунун бардыгын сүрөтчү жаштарга азыркы учурда да керектүү касиет деп эсептейт.

СЫРЫМ МҮСИРЕП, СҮРӨТЧҮ, АЙКЕЛЧИ:

- Бул көргөзмөнүн негизги максаты - өнөр чындыгын көрсөтүү. Ал эми чындык - бул акыйкат. Башкача айтканда, адамдын жан дүйнөсү тазалыгынын аркасында өнөр пайда болот. Өнөр тазалыкты каалайт. Ушундай тема менен уюштурулуп жаткан долбоор. Жаштарга олуттуу импульс бере турган жана жаңы көз караштарга, искусствонун жаңы багыттарына түрткү берүүчү чыгармалар.

Жаш айкелчинин айтуусунда, сапаттуу чыгармалар адам баласы руханий жактан бай болгон учурда гана пайда болот. Ошондуктан ал өз чыгармаларына ар дайым кылдаттык менен карайт. Ошону менен катар, сүрөтчү өз өнөрүн баалоочулар ар бир эмгегинен автордун оюн түшүнүүсүн каалайт.   

Фото: 24.kz