Казак улуттук өнөр университети алдындагы колледж студенттери Лондондо өнөр көрсөттү

Казак улуттук өнөр университети алдындагы колледж студенттери Лондондо өнөр көрсөттү. Бул казакстандык джаз-бэнддин Улуу Британияга алгачкы сапары. Лондонго барар алдында студенттер дыкат тандоодон өткөн. Репертуарга да уюштуруучулар чоң жоопкерчилик менен карап, бир нече ай даярдалган. Чет элдик чыгармалардан башка жаш музыканттар джазга ылайыкташтырылган казактын “Илигай” жана «Сүгирдиң термесі» сыяктуу ырларын аткарышты.

РАУШАН ДАВЛЕТБАЕВА, ДЖАЗ-БЭНД ЖЕТЕКЧИСИ

- Биз джазды ар тарабынан көрсөтүүгө аракет кылдык. Мунун ичинде классикалык джаз да, этно джаз да бар. Казактын улуттук ырларын да ырдап, джаз тили менен жеткирдик.

Концертти көрүүгө келген жергиликтүүлөр жаштардын өнөрүн зор ынтаа менен тыңдап, жылуу кабыл алды.

БЛИЦ:

- Мен Глазго университетинде Шотландияда окуйм. Мында турист катары келдим. Казак досум концертти көрүү үчүн алып келди. Бул иш-чара мага өзгөчө жакты. Казак маданияты тууралуу көп нерсе билдим. Гезит же башка да медиалар мындай маалымат бере албаса керек.

Музыка энергия менен энтузиазмга толду. Мага жаңыча заманбап ыкма менен жеткирилген салттуу ырлар жакты. Буга катар азыркы заманга ылайыкталып тигилген улуттук кийимдерди көрүү да жагымдуу болду.

Казакстандык жаштар джаз-бэндинин Лондондогу концерти “Руханий жаңыруу” программасы алкагында ишке ашты. Долбоорго Казактандын Улуу Британиядагы элчилиги колдоо көрсөттү.

Фото: dknews.kz