Нур-Султанда «Гармония менен образдын айкалышы» көргөзмөсү өттү

Борбордогу Тунгуч Президенттин музейи көпчүлүктүн назарына Нурсултан Назарбаевге ар кандай мезгилдерде белекке берилген уникалдуу азем-белек буюмдарынын коллекциясын тартуулады. Экспозицияга ак чопо, карапа, айнек, металл, таш жана дарактан жасалган азем-буюмдар коюлду. Дипломатиялык белектердин түрлөрү формалары, даярдоо техникалары менен өзгөчөлөндү. Серепчилердин айтымында, сунушталган өнөр чыгармалары Казакстандын көп тармактуу тышкы саясатын, ошондой эле мамлекет аралык байланыштарды өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өбөлгө боло турган маданият диалогун чагылдырат. Көргөзмө «Музей жыйнагы» илимий-изилдөө программасы алкагында даярдалган. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин уланат.

КҮЛАЙША АКТАЕВА, РКНЫН БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТИ-ЭЛ БАШЫ КИТЕПКАНАСЫ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Мында Түркия, Орусия, Беларусь, Жапония, Индонезия, Вьетнам чеберлеринин көркөм чыгармалары камтылган. Ошондой эле, бул көргөзмөдө Венеция айнегинин көркөм үлгүлөрү, ак чопонун, тандалган өнөр чыгармалары бар. Ар бир экспонат баа жеткис байлык болуп саналат. Анткени мындагы белектердин бардыгы Биринчи Президентибиздин өз кесиптештеринин, башка өлкөлөрдүн башчыларынын алдындагы урматы менен ишеним деңгээлин көрсөтөт.

Фото: lenta.inform.kz