«Санкт-Петербург Опера» театры Казакстанга гастролдук сапары менен келди

Казакстанга биринчи жолу «Санкт-Петербург Опера» мамлекеттик камералык музыкалык театры гастролдук сапары менен келди. Орусиялык өнөрпоздор «Астана Опера» театрынын сахнасына эки спектакль алып келишкен. Анын бири – Джузеппе Вердинин айтылуу «Риголетто» операсы. Борбордук көрүүчүлөр улуу композитордун психологиялык драмасын жаңы нускада көрө алышат.

Ошондой эле, орусиялык театр борбордуктар менен шаар конокторунун назарына Жорж Бизенин «Бермет издөөчүлөр» операсын тартуулады. Экзотикалык Цэйлон аралында болгон окуя көрүүчүнү музыкалык, драмалык стили менен арбап алды. Классикалык чыгармалар жаңы нугунан таанылганы менен, коючу режиссёр Юрий Александровдун эмгеги жергиликтүү өнөр сүйүүчүлөр коомчулугуна жакшы тааныш. Ал буга чейин да өлкөдө 13 бирдей спектаклди сахналаштырып, Казакстандын мамлекеттик сыйлыктарына ээ болгон.

ЮРИЙ АЛЕКСАНДРОВ, ОПЕРА РЕЖИССЁРУ, ОФНЫН ЭЛ АРТИСТИ:

- Мен Израилдеги гастролдук сапардан баш тарттым. Анткени ал дагы ушул учурга пландалган. Нур-Султан шаары дегенде ойлонбой туруп макул болдум. Анткени бул сапар мен үчүн өтө маанилүү. Бул өлкөнүн бир нече театрын ачып, далай чыгармаларым Казакстан сахнасында коюлду. Ошондуктан ылайыктуу делген өтө татаал классикалык чыгармаларды алып келүүгө аракет кылдым. Мисалы, Риголетто операсында үндөрдүн диапазону кеңири колдонулуп, оркестр толук катышып, классикалык маданияттын өзгөчөлүгүн болушунча ачып берет. Риголеттону гастролго алып чыгуу оңой эмес.

Фото: lenta.inform.kz