Казак баатырлары Лондондо

Казак баатырлары Лондон журтчулугун таң калтырды. Трафальгар аянтчасында “Орда” этно-долбоорунун катышуучулары өнөр көрсөттү. Байыркы баатырлардын кийим-кечектерин кийип, курал-жарактарын асынган жигиттер саякатчыларды чындыгында таасирлентти.  Баатырлардын флеш-мобу Елизаветта 2-Ханайымынын лондондук расмий резиденциясы алдында уланды. Туристтер менен калк арасында баатырлардын өнөрүнө болгон кызыгуучулук артып, айрымдары кайсы мамлекеттен келгенине кызыгып, маектешүүгө да тартып жатты.

ДУМАН АМИН, «ОРДА» ЭТНО-ДОЛБООРУНУН КАТЫШУУЧУСУ:

- Бул жакка келүүдөгү максатыбыз - улуттук кийимдерибизди чет элдиктерге таанытуу. Ошондой эле, мамлекеттин ушундай байыркы кылымдан бери келе жаткан, ата-бабаларыбыздын жоокерчилик заманында кийген улуттук кийимдерин колубуздан келишинче жайылтуу болуп саналат.

БЛИЦ:

- Мен АКШнын Мичиган штатындагы Детройт шаарынанмын. Бүгүн Бириккен Королдукка келип, бош убакыт табылган соң Букингем сарайына досторубуз менен баш бактык. Биз үчүн бул жер шайкештик эмес, мындан кызыгы - баатырлар менен сүрөткө түшүү, алардын парадын көрүү, кубанычына ортоктош болуу үчүн келгенбиз. Ушул тарыхый учурдун бир бөлүгү болуу мен үчүн чоң бакыт.

- Баатырлар мени өзгөчө тассирлентти. Алардын кийген кийимдери  мага абдан жакты. Жоокерлерди Букингем сарайынын алдынан көргөнүмө кубанычтамын. Мындан улам сиздердин өлкөгө болгон кызыгуучулук ойгонду.

 

Фото: city04.kz