Илияс Жансүгировго арналган адабий-театр кече

Казак поэзиясынын жана улуу талаанын алп акыны, жазуучу жана драматург. Борбордо Илияс Жансүгировдун 125 жылдык мааракесине карай «Акын жанан анын музасы» аттуу адабий-театралдаштырылган кече өттү. Маданий иш-чаранын коноктору сөз чеберинин «Күүчү» поэмасы жана Мухтар Ауезовдун «Хан Кене» трагедиясы жөнүндө спектаклди көрүштү.

Ошондой эле, кечеде коомдук ишмердин эргүүсүн ойготкон жубайы Фатима экөөнүн ортосундагы махабат, жашоосу менен чыгармачылыгы орун алды. Кулагер поэмасынан үзүндүлөр англис тилинде окулду. Иш-чаранын дагы бир өзгөчөлүгү сахналык спектаклди баштан аяк Назарбаев университетинин так илим адистиктеринде окуп жаткан студенттер ойношту.

ГҮЛТАС КУРМАНБАЙ, НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН РУХАНИЙ ЖАҢЫРУУ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Бул балдарды руханий жактан өстүрөт. Алардын руханий жөндөмүн арттырат. Ошондуктан биз ушундай иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Бул балдар эч кандай актёр эмес, гуманитардык адистиктерде окуган балдар эмес, тескерисинче инженерлер, медиктер, саясат таануучулукка окуган балдар. Бирок сахналык спектаклди ойноо алардын бир калыптагы комплекстен чыгуусуна көмөктөшөт. Мындай балдар  бардык жерде оюн эркин жеткире алат.

Фото: e-history.kz