«Астана Опера» сахнасында «Дон Кихот» балети коюлду

«Астана Опера» сахнасында атактуу Людвиг Минкустун «Дон Кихот» балети көпчүлүк назарына коюлду. Спектакль Орусиянын Эл артисти Алтынай Асылмуратованын жетекчилиги менен бир айга жакын даярдалган. Айта кетсек, Базилдин партиясын балеттин солисти Далер Запаров аткарды. Бул жаш өнөрпоздун ата мекендик сахнадагы дебюту. Анын айтымында, ар бир балет солисти алгачкы ролдорунун бири дал ушул Базилдин партиясы болушун кыялданат.

ДАЛЕР ЗАПАРОВ, «АСТАНА ОПЕРА» ТЕАТРЫ БАЛЕТИНИН СОЛИСТИ

- Менин партиям бул спектаклде негизги ролдордун бири болуп саналат. Ролум тууралуу эмне айтууга болот, абдан кызыктуу роль. Академияга жаңыдан кадам таштаган ар бир жаш өнөрпоз алгачкы балети дал ушул Дон Кихот болушун кыялданат. Техникалык жагынан жабдылган, ойной турган партиясы да жетишерлик. Ал эми эң башкысы бул спектаклге даярдыкты өз ишинин чебери, мыкты адистер Алтынай Асылмуратова, Константин Заклинский менен даярдандым.

Белгилүү балетти көрүүгө келген көрөрмандардын саны абдан көп болду. Көрүнүктүү спектакль жандуу образды жараткан каармандары менен, чыгармачыл окуялары, обону, бийи менен көпчүлүктүн купулуна толду.

Фото: Хабар 24