«Astana Musical» театры «Шаңырақ» бетачарын тааныштырды

Баланын төрөлүшү, анын алгачкы кадамдары, эр жетүү, үйлөнүү. “Astana Musical” театры казак элинин көп кылымдык салт-санаалары менен үрп-адаттарынын өзгөчө кооздугун жана өз алдынчалуулугун көрүүчүлөргө тартуулады. Борбордо көптөн күткөн “Шаңырак” музыкалык спектаклинин бетачары өттү.

Айта кетсек, боз үйдө орун алган уникалдуу спектаклге театр артисттери жырым жыл даярдык көрүшкөн.

АНЕЛЬ МУРЗАГУЛОВА, «ASTANA MUSICAL» ТЕАТРЫНЫН АРТИСТИ:

- Мюзиклге даярдык учурунда бардык кийим-кечелер боюнча хореограф, режиссер, костюмердин макулдугу менен иш алып барылды.  Алардын бардыгы артисттердин образдарын болушунча ачып берүүгө аракет кылышты. Менин образым кыш боду.

Улуттук аспаптарды, азыркы заманбап хореография менен бирге элдик ырларды айкалыштыруу  көрүүчүлөрдү байыркы көчмөн цивилизациясынын образынын жана символдорунун дүйнөсүнө алып барды.

БОЛАТБЕК НУРКАСЫМОВ, КОМПОЗИТОР:

- Бул музыкалык жанр, музыкалык пьеса болгондуктан, музыка менен ойноо башынан аягына чейин үзгүлтүксүз болуусу керек. Ошондуктан бул абдан кызыктуу жана эсте каларлык. Борбор Азия өлкөлөрүндө “Astana Musical” чындыгында жаш долбоор, бирок бул долбоорго көп күч жумшалып жатат, менин оюмча ал чет элде өзүн татыктуу көрсөтөт.

Жакын арада “Astana Musical” театры көчмөн калктын тарыхы менен салт-санааларын өзгөчөлүгүн көрсөтө турган тажрыйбалык перформанстарын тартуулоо үчүн чет элдик гастролдорго барууна мерчемдеп жатат.

Фото: vechastana.kz