Азиядагы кызматташуу жана ишеним улуттук көргөзмөсү

“Азиядагы кызматташуу жана ишеним улуттук көргөзмөсү”.

Нур-Султанда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме өлкөлөрүнүн фото көргөзмөсү болуп өттү. Мында демилгенин маңызын жана аны ишке ашырууну чагылдырган иштер сунушталды.

Эске сала кетсек, аталган  кеңешке чакыруу идеясы биринчи жолу Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан 1992-жылы жарыяланган. Бул Азия аймагында ушул тармактарда кызматташтыктын толук жаңы форматын калыптандыруунун башталышы болгон. Диалог аянтчасын түзүү аймактык коопсуздук маселелерин, глобалдык коопсуздук системасын интеграциялоого көмөктөшөт дешет серепчилер.

ШЕРЗОД ПУЛАТОВ, КЭА ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

Бул көргөзмөдө түрдүү диалог аянтчалары тууралуу, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары жөнүндө кеңешмесин жакшыртуу боюнча, бул багыттагы иштер тууралуу фото-материалдар көрсөтүлдү. Анткени бир мамлекетке коркунуч, бул бүткүл Борбордук Азия аймагына болгон коркунуч. Ошондуктан Кеңешке кошулуу жана Ассамблеянын аталган уюмдун кызматына кошкон салымы бул багыттын реалдуу кадамдары болот деп ойлойм. 

Фото: today.tj