Нур-Султанда «Эргүү-2019» эл аралык чыгармачыл жаштар фестивалы ачылды

Нур-Султан шаарында «Эргүү-2019» эл аралык чыгармачыл жаштар фестивалы ачылды. Салттуу сынак адаттагыдай эле жергиликтүү жана чет элдик 16-30 жаш аралыгындагы таланттуу музыканттарды бир сахнага чогултат.

Өнөрпоздор скрипка жана фортепианонун коштоосунда Моцарт, Бах, Паганини, Венявский, Мендельсон, Прокофьев, Чайковский сыяктуу улуу классиктердин чыгармаларын аткарышат. Фестиваль катышуучуларынын чеберчилигин эл аралык деңгээлдеги өнөр таануучулар аныкташат.

ГЕРНОТ ВИНИШХОФЕР, ВЕНА КОНСЕРВАТОРИЯСЫНЫН ПРОФЕССОРУ / АВСТРИЯ:

- Бул студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүк, деңгээлдери жыл сайын өсүп келе жатканын байкадым. Мен сынакка салттуу түрдө катышам. Бул Казакстан менен Европа ортосундагы тажрыйба алмашуу дегенге жатат. Биз өзүбүздүн мыкты артисттерибиз жана дирижерлорубузду алып келип чеберчилик сабактарын уюштуруп, билгенибизди үйрөтөбүз.

Фото: inform.kz