Лондондо казак тасмалар жумалыгы өттү

Лондондо казак тасмалар жумалыгы жыйынтыкталды.

Маданий иш-чаранын акыркы күнүндө «Айка» фильми көпчүлүк назарына сунушталды. Канн фестивалынын лауреаты аталган чыгарманы көрүүгө көп адам келди. Алардын арасында жөнөкөй көрүүчүлөр менен катар кино сынчылар да бар. Фильм британиялыктарга түшүнүктүү болуусу үчүн субтитрлер англис тилинде коюлду.

КАША ТРОЯНОВСКА, КӨРӨРМАН:

- Бул абдан керемет кино болду. Бул менин фестивалда көргөн үчүнчү тасмам. “Айка” мени абдан таасирлентти.

Фильмде мыйзамсыз миграция темасы терең чагылдырылгандыктан британиялык көрүүчүлөрдүн ага болгон кызыгуусу артты. Анткени чет жакка жакшы турмуш издеп, чек араны мыйзамсыз бузуп өткөндөр көп.

СЕРГЕЙ ДВОРЦЕВОЙ, РЕЖИССЁР:

- Бул картинанын бардык жерде суроо-талапка ээ болгонунун себеби, учурда мигранттар маселеси өзөктүү. Дүйнө жүзү мигранттарга толуп кетти. Баары туш-тарапка көчүп жатат. Өз өлкөсүндө ийгиликке жетише албаган адам чет өлкөгө кетип калууда.

САМАЛ ЕСЛЯМОВА, АКТРИСА:

- Биздин кинонун белгилүүлүгүн бүткүл дүйнөгө жайылтуу абдан маанилүү. Анын ичинде англис көрүүчүлөрү да биздин шедеврди көрүп жаткандыгы кубандырат.

«Айка» тасмасынан сырткары «Оралман», «Энеге карай жол», «Аманат» жана «Чал» драмалары көрүүчүлөргө коюлду. Казакстандык тасмалар жумалыгы «Руханий жаңыруу» программасы алкагында уюштурулду. Анын өтүүсүнө республиканын Улуу Британиядагы Элчилиги менен мамлекеттин маданият жана спорт министрлиги көмөк көрсөттү.

Фото: inform.kz