“Феномен Ерик Курмангалиев” аттуу китеп жарык көрдү

Түрк дүйнөсүнөн чыккан туңгуч контртенор. Жер шаарын багындырган альт үн.

Нур-Султан шаарында атагы алыска тараган өзгөчө үндүү Ерик Курмангалиевдин 60 жылдык мааракесине карай «Феномен Ерик Курмангалиев» аттуу китеп-альбомунун бет ачары өттү. Дүйнөлүк музыка тарыхында аты алтын тамгалар менен жазылган инсандын чыгармачылыгын изилдөөгө акыркы 10 жылын арнаган казакстандык калемгер - Маржан Ершунун китеби 2014-жылы жарык көрүп, быйыл фактылар менен толукталып кайра басылган. Эмгекте чет өлкөлөрдө узак өмүр сүргөн казакстандык опера ырчысынын өмүрү тууралуу баяндалат. Атырау облусунун тургуну Ерик Курмангалиев көптөгөн өлкөлөрдү кыдырып, бирок дүйнөгө таанымал аткаруучу Москвада жашап, ошол жерге коюлган.

МАРЖАН ЕРШУ, АКЫН, ФИЛОЛОГИЯ ИЛИМДЕРИНИН КАНДИДАТЫ:

- Ал кандай ырчы болуп калыптанды, анын өсүү жолдору жана өмүрдөн өткөндөн кийин ырчыга болгон урматыбыз кандай, мына ушундай маселелер бул китепте баяндалат. Ерик тууралуу көптөгөн фактыларды чогулттум. Ар жылда жазылган Москванын, Ленинграддын, Казандын борбордук басылмаларында, гезиттеринде Ерик тууралуу жарыяланган макалалар, Ерик берген маектерди чогултуп, бул китептин ичине ылайыктап коштум.  

ОНАЙША МАНДУКИ, БУДАПЕШТ УНИВЕРСИТЕТИНИН ОКУТУУЧУСУ / ВЕНГРИЯ:

- Ерик бизге келип Будапешт шаарында эски чиркөөнүн ичинде керемет ыр аткарган эле. Ошол кезде биринчи ирет көргөм. Негизи ал менин жердешим. Ошондо байкашымча, кичипейил, жөнөкөй жигит экендигин көрсөткөн. Анда ал бүткүл Европанын элин ыры менен өзүнүн өзгөчө үнү менен таң калтырган.

Фото: Астана Ақшамы