Данэлия Тулешова Казакстандын туризм элчиси болду

Данэлия Тулешова Казакстандын туризм элчиси болду. Эми белгилүү аткаруучу ата мекендик туризмди дүйнөлүк аренада расмий түрдө тааныта алат.

Жаш туризм Элчисин дайындоо аземи жаштар жылы алкагында уюштурулган Казакстан борборундагы "ZhasStar" фестивалында болуп өттү.

Данэлия 13 жашында өлкөнү таанытууда чоң салым кошууга жетишти. Буга далилдердин бири катары Чарын ойдуңунда тартылган “өзүңө ишен” ырынын клиби.

ДАНЭЛИЯ ТУЛЕШОВА, КАЗАКСТАН ТУРИЗМ ЭЛЧИСИ, ЫРЧЫ:

– Чет өлкөлөрдөн келген туристтердин менин туулган жериме болгон кызыгуучулугун арттырууга салым кошо ала турганыма кубанычтамын. Мага ушундай ишеним артылып жатканы мен үчүн чоң урмат жана буга абдан ыраазымын. Чет өлкөлөргө тез-тез барып турам. Барган жеримде Казакстан тууралуу айтып жүрөм.

Фото: inbusiness.kz