«Солисттер Академиясы» журтчулукка программа тартуулады

Борбордо «Солисттер академиясы» мамлекеттик оркестри шаар тургундары менен конокторуна Дүйнөлүк италиян тили жумалыгы алкагында жаңы концерт тартуулады.

«Солисттер академиясы» мамлекеттик оркестри менен бирге сахнада белгилүү италиялык пианист Джулиано Маццоканте өнөр көрсөттү. Концерт программасына чет элдик композиторлордун мыкты классикалык чыгармалары кирген. Музыка сүйүүчүлөр Ференц Лист менен Брукнер мыяктуу белгилүү композиторлордун чыгармаларын тындай алышат. Айта кетсек, иш-чара Италия элчилиги менен биргелешип уюштурулду.

ДЖУЛИАНО МАЦЦОКАНТЕ, ПИАНИСТ

- Бул менин Казакстанга жасаган алгачкы иш сапарым. Бул өлкөгө келгениме абдан кубанычтамын. Бул жердеги көрүүчүлөр менен жолугушуу – чоң кубаныч. Дирижер да, оркестр да мыкты. Бул сахнада өнөр көрсөтүү мага ырахат тартуулайт. Анын ичинде Брукнердин симфониясын ойноп жатканыбыз мен үчүн чоң мааниге ээ. Жалпы, казакстандык оркестр менен бирге өнөр көрсөтүү сыймык деп эсептейм.

Фото: dailynews.kz