Курмангазы атындагы мамлекеттик театрдын 85 жылдык мааракеси белгиленүүдө

Быйыл Курмангазы атындагы оркестр 85 жылдык мааракесин белгилейт. Даталуу күнгө карата борбордо мааракелик концерт өттү. Кече программасында теңдеши жок талаа ырлары, ошондой эле бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон элдик композициялар жаңырды. Жамааттын мааракесине арналган концертке ата мекендик эстрада жылдыздары да катышты. Курмангазы атындагы оркестр 1934-жылы түзүлгөн. Учурда анын курамында 85 таланттуу музыкант бар. Мааракенин алкагында артисттер Казакстандын бир катар шаарларында болуп, Европада гастролдук тур өткөрүштү.

КУАНЫШБЕК МУХАНГАЛИЕВ, КУРМАНГАЗЫ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИНИН МҮДҮРҮ:

- План боюнча жыл соңунда биз оркестерде 15 жылдан ашык эмгектенген Айткали Жаимовтун чыгармачылык кечесин уюштурабыз деп жатабыз. Бизге Өзбекстандан дирижер келет, ошондой эле көрүүчүлөрдү жана башка да концерттер менен кубандыргыбыз келет. Андан кийин Кытай менен Германияга барууну мерчемдеп жатабыз.

Кийинки жылы оркестр Караганды, Маңгыстоо жана Чыгыш Казакстан облустарына гастролго чыгууну көздөп жатат. Ошондой эле артисттер Беларусь менен Францияга да барышат.

Фото: sn.kz