Нур-Султанда Түркиянын Гёбекли-Тепе ибадатканасы тааныштырылды

Нур-Султан шаарында Түркияда жайгашкан Гёбекли-Тепе ибадатканасы тууралуу фото көргөзмө ачылды. Экспозицияда мыкты археологиялык эстеликтин 30дан ашык фото-сүрөтү коюлду. Айта кетсек, Гёбекли-Тепе эң байыркы имарат болуп саналат. Окумуштуулардын айтуусунда, көчмөндөр аны 12 миң жыл мурун курган. Адистер аны 1963-жылы тапкан. Жакында ал ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди. Түрк серепчилеринин пикиринде, комплекс дүйнөлүк деңгээлдеги археологиялык жана туристтик борборго айланууга тийиш. Быйыл Түркияда жарыяланган Гёбекли-Тепе жылынын алкагында байыркы курулушту жайылтуу дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүүдө.

АЛМАГУЛЬ ИСИНА, ЮНУС ЭМРЕ АТЫНДАГЫ ТҮРК МАДАНИЙ БОРБОРУНУН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Азыркы учурда “Гёбекли-тепе” музейи Шанлыурфа шаарында жайгашкан. Бул комплексте археологиялык экспонаттар сакталган. Учурда ал жерде изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Көргөзмө казакстандыктарды музей менен тааныштыруу максатында ачылды. Фото-сүрөттөр ар кандай учурда тартылган, өзүңүздөр көрүп тургандай, түрдүү таштарды, археологиялык монументтер, бийик мамыларды эч ким тоногон эмес. Ошондуктан алар жакшы сакталган жана ушул күнгө чейин жеткен.

Фото: aa.com.tr