Эльчин Сафарли: Казакстан шыктандырат

Казакстан шыктандырат. Мындай пикирин белгилүү дүйнөлүк бестселлердин автору Эльчин Сафарли билдирди.

Жазуучу өлкөнүн табияты менен кең талаасына суктанганын, кайталангыс архитектуралык көрүнүшү менен өзгөчөлөнгөн борбордон зор таасир алгандыгын белгилеп өттү. Чыгармачылык үчүн ушундай жагымдуу эмоциялар керек дейт ал. Эльчин Сафарли Нур-Султанда таланттуу жаштар менен жолугушуу учурунда чеберчилиги менен бөлүштү.

ЭЛЬЧИН САФАРЛИ, ЖАЗУУЧУ

– Мен жалаң эле жаш жазуучуларга гана эмес, жалпы билим алып жаткан, изденип жүргөн бардык жаштарга бир орунда турбай андан ары өнүгүүгө кеңеш берет элем. Уялбай суроого, жаңы билим алууга жана өздөрү каалагандай эркин жашоого чакырам. Бул шаардан керемет таасир алдым. Нур-Султан менин сүйүктүү шаарларымдын катарында. Таза аба, кең талаа. Кооз архиктектуралык имараттар абдан көп. Бул шаарда болгон мага жагат. Жазында дагы келем деп ойлойм.

Фото: 1news.az