«Astana Musical»: «Шаңырак» музыкалык спектакли

«Astana musical» театрында ЖМК өкүлдөрүнө жаңы спекталдин алдын ала көрсөтүүсү өттү. «Шаңырак» - бул жаңы багыттагы музыкалык перфоманс. Спектакль атайын тигилген боз үйдүн ичинде сахналаштырылды. Окуянын өзөгү – адам өмүрүнүн бешиктен табытка чейинки учурун казактын салты менен байланыштырып көрсөтүү. Ал каада-салт, улуттук обон, төл музыкалык аспаптар, заманбап хореографиянын айкалышы аркылуу сунушталды. Каармандардын ички сезими ыргактуу обон, бий тили менен бирге ария, дует, трио, хор жанрлары менен жеткирилди. Казак элинин руханий азык мурасына негизделген «Шаңырак» музыкалык спектаклинин бет ачары жетинин айынын 5-6на мерчемделген.

ЕСЛАМ НУРТАЗИН, КОЮУЧУ-РЕЖИССЁР, «ASTANA MUSICAL» МАМЛЕКЕТТИК ТЕАТРЫНЫН КӨРКӨМ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бул Казакстанда буга чейин болбогон, тез үйлөнүп, тургузула турган боз үй. Дал ушул боз үйдө өнөрүбүздү тартуулайбыз. Актёрлор менен 4 ай бою иш алып бардык. Ушул убактын ичинде биз драматургияны нөлдөн баштап, бүгүнкү абалына чейин жазып чыктык. Музыкасын да толук өзүбүз жаздык. Биздин фольклордун өзүнө тиешелүү гана өзгөчөлүктөрү бар. Алардын бардыгын жаңыча көз караш менен иштеп чыктык.

Фото: inform.kz