Нур-Султанда «Voice of Nur-Sultan» эл аралык фестивалы өтөт

Нур-Султанда «Voice of Nur-Sultan» эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чара Маданият жана спорт министрлигинин колдоосу менен экинчи жолу уюштурулууда. Ага Орусия, Болгария, Украина, Грузия, Португалия, Кытай, Азербайжан жана Казакстан өлкөлөрүнүн ырчылары катышат. Уюштуруучулардын айтымында, өткөн жылы иш-чара сынак катары өткөрүлсө, быйыл фестивалдык форматка которулат. Эки күнгө созулган концертте чет өлкөлүк ырчылар ата мекендик эстрада жылдыздары менен бирге казак тилинде ырдашат. Долбоордун максаты – маданият тармагынын кадырын жогорулатуу, ошондой эле, казакстандык музыкалык чыгармачылыкты даңазалоо. Белгилей кетсек, фестивалга «Хабар» агенттиги» АК маалыматтык колдоо көрсөтөт.

РИНАТ КЕРТАЕВ, «ХАБАР» АГЕНТТИГИ» АК ТӨРАГЫСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Тогуздун айынын жыйырма беш - жыйырма алтысында «Хабар» каналы менен « Kazakh TV» телеканалы «Voice of Nur-Sultan» аттуу эл аралык ыр сынагын түз эфирде көрсөтөт. «Хабар» аркылуу ата мекендик көрүүчүлөр көрсө, «Казак ТВ» аркылуу чет өлкөдөгү долбоорго кызыктар болгон жарандар көрө алат. Ошондой эле, дагы бир өзгөчөлүгү - Орусия жана башка сынакка катышып жаткан өлкөлөрдүн телеканалдары да биз менен бирге ушул долбоорду түз эфирде жана жазма түрүндө өз аудиториясына сунуштайт.

ЖИГЕР АУЫПБАЕВ, ЫРЧЫ:

- Мен украиналык Алина Башкина менен бирге «Куш жолу» деген Төлеген Мухамеджанов агабыздын обонуна жазылган, ырды аткарам. Долбоорго чакыруу алып, Казакстан эстрада жылдыздарынын атынан катышып жатканыма абдан кубанычтамын.

Фото: Казинформ