Нур-Султанда VIII Эл аралык жаш скрипкачылардын сынагы өтүүдө

Нур-Султанда VIII Эл аралык жаш скрипкачылардын сынагы өтүүдө. Ага Орусия, Австрия, Германия жана башка да өлкөлөрдүн булуң-бурчунан келген 10-28 жаш аралыгындагы таланттуу музыканттар катышып, өз багын сынап жатат. Катышуучулардын аткаруучулук өнөрүн дүйнөнүн скрипка мектептеринин мыкты өкүлдөрү баалайт. Алар абройлуу педагогдор, профессорлор жана эмгек сиңирген артисттер. Ошондой эле, сынактын алкагында калыстар тобу чеберчилик сабактарын өткөрүшөт. Катышуучулар болсо сахнада классикалык музыканын берметтери менен улуттук композицияларды да аткарышат.

БОРИС КУШНИР, ВЕНА КОНСЕРВАТОРИЯСЫ МЕНЕН ГРАЦ ШААРЫНДАГЫ МУЗЫКА УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОРУ, КАЛЫСТАР ТОБУНУН МҮЧӨСҮ:

- Мен дүйнөдө көптөгөн сынактарда калыстар тобунун курамында болдум. Сынактардагы менин кармана турган башкы максатым – таланттарды табуу. Бул мен үчүн абдан маанилүү. Эгер сынактын алкагында жакшы скрипкачы табылбаса, менин оюмча, сынак 100 пайыз ийгиликсиз өттү. Эгерде биз жок дегенде бир, эки чыныгы таланттуу жаштарды таба турган болсок, анда менден өткөн бактылуу адам болбойт. Андай кырдаалда сынак ийгиликтүү өттү деп ойлойм.

АЙМАН МУСАКОЖАЕВА, РК ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ:

- Бул жерде көбү биздин тарбиялануучулар. Себеби, биздин тарбиялануучулар, биздин студенттер менен окуучулар өздөрүнүн чеберчиликтерин жакшыртып, чыңдаганын колдойбуз. Ошондуктан биз аларга ушундай мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Ушундай сынактар аркылуу Казакстандын атынан ири эл аралык ареналарда өнөрүн көрсөтө турган, өлкөнүн намысын коргой турган таланттуу балдарды табабыз деп үмүттөнөм.

Фото: yorick.kz