Абдижамил Нурпеисов 95 жашка толду

Казакстандын таанымал эл жазуучусу, белгилүү «Кан менен Тер» триллогиясынын автору Абдижамил Нурпеисов 95 жашка толду. Казак адабиятынын классигинин көрүнүктүү адамы жана кайталангыс чыгармалары борбордо өткөн эл аралык илимий-тажрыйбалык конференцияда сөз болду. Жолугушуу белгилүү коомдук ишмерлердин, адабият таануучулар, сынчылар, жазуучулар, журналисттер, акындар жана публицистердин катышуусунда өттү. Алардын айтымында, Абдижамил Нурпеисов 21-кылымдын адабиятына жана искусствосуна абдан таасир эткен. Бүгүнкү күндө анын белгилүү чыгармалары менен ар бир мектеп окуучусу тааныш. Нурпеисовдун китептери француз, немис, испан, кытай, араб жана башка көптөгөн тилдерге которулган.

КАЙРАТ САК, ОКУМУШТУУ:

- Абдижамил Нурпеисов чындыгында казак прозасын дүйнөлүк деңгээлге чейин көтөргөн, алп калемгер. Бүгүнкү күндө анын чыгармалары казакстандык окурмандар арасында эле эмес, КМШ өлкөлөрүнүн арасында да белгилүү. Анын китептери дүйнөнүн бир нече тилдерине которулган. Негизинен абадиятчы бүткүл өмүрүн Арал деңизиндеги маселеге арнап келе жатат. Мен анын чыгармачылыгы биздин аң-сезимди өзгөртүп, улуттук рухту көтөрөт деп ойлойм.

ДАУЛЕТКЕРЕЙ КАПУЛЫ, НУР-СУЛТАН ШААРЫНЫН ЖАЗУУЧУЛАР БИРИКМЕСИ БӨЛҮМҮНҮН МҮДҮРҮ:

- Менин пикиримде, Абдижамил Нурпеисовдун ар бир чыгармалары казак адабиятынын алтын фондуна киргизилиши керек. Тилди абдан жакшы билген. Согушту өз көзү менен көргөн. Ошондуктан, ошол убакта болгон нерселердин баарын мыкты бере алган. Анын сөздөрү жан эргитет, ал биздин улут үчүн жаралган. Биз классиктин чыгармачылыгын урматташыбыз керек.