Казакстандык музыканттар Карнеги-холлдо өнөр көрсөттү

Казакстандык музыканттар АКШда гастролдук сапары менен жүрөт. Нью-Йоркто белгилүү Карнеги-холл сахнасында Казак улуттук өнөр университетинин чыгармачылык жамааты өз өнөрүн тартуулашты. Евразиялык симфония оркестринин, “Каприччи” скрипкачылар ансамбли, “Шабыт” домбрачылары  америка журтчулугуна “Улуу Талаа өлкөсүнүн руху” аттуу концерттик программасын коюшту. Биринчи бөлүмдө өнөрпоздор Тлес Кажгалиевдин, Сергей Прокофьевдин жана Рахат-Би Абдысагиндин чыгармаларын аткарышты.

ПОЛ ЧЕСТЕР, МАНХЭТТЕНДИН ТУРГУНУ:

- Мага концерт жакты. Казакстандык музыканттарды биринчи жолу көрдүм. Айрыкча оркестр чоң таасир калтырды. Жаш болгону менен улуу композиторлордун чыгармаларын абдан профессионалдуу жана мыкты аткарышты.

АННА АРЦИБАШЕВА, НЬЮ-ЙОРКТУН ТУРГУНУ:

- Мага домбрачылардын өнөрү жакты. Эч качан мындайды көргөн эмесмин. Мен ушунчалык таасирленгендиктен жүрөгүмдүн согушу тездеп, толкундандым.

Башка көрүүчүлөр да концерттен ушундай таасир алышты. Айрыкча Пабло Сарасатенин «Наварра» чыгармасын аткарган эл аралык сынактардын лауреаты Жибек Мусургалиеванын аткаруусу көрүүчүлөрдү таң калтырты. Казакстандык артисттер менен бирге Израиль скрипкачысы Шломо Минц жана америкалык Самуэль Небью өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

ЭЛИЗАБЕТ БРАУН, БУУНУН АЯЛДАР КУЛБУНУН ӨКҮЛҮ:

- Мыкты концерт! Жаш музыканттардын өнөрү – өлкөнүн зор казынасы. Таң каларлык музыка! Казакстан маданияты абдан бай экен. Бул уюмдун концертинде мурун да болгом. Чеберчилигине суктангандан тажабайм.

Айта кетсек, долбоор АКШнын жетекчи өнөр университети менен меморандумга кол коюлган окуу-өндүрүштүк тажрыйба жана академиялык мобилдик программасы боюнча студенттер менен алмашуу алкагында уюштурулду. Ошондой эле, иш-чара Жаштар жылы жана «Руханий жаңыруу» программасына арналды. Казакстандык музыканттардын Америкадагы сапары мындан ары да уланат.

Фото: Хабар 24