Казакстан менен Орусия музейлеринин кызматташтыгы

Казакстан менен Орусиянын музейлери көчмө көргөзмөлөрдү уюштуруп, өз ара чеберчилик алмашууну көздөп жатат. Ошондой эле, эки тараптын окумуштуулары археологиялык казуу жумуштарын жүргүзүүдө биргеликте аракет кылышат. Атырау аймагынын «Сарайшык» мамлекеттик тарыхый-маданий корук музейи коңшулаш өлкөнүн Астрахань жана Волгоград облустарынын музейлери менен өнөктөштүк карым-катнаш орнотуу боюнча келишимге кол койду.

АНАТОЛИЙ МАЛЬЧЕНКО, ВОЛГОГРАД ОБЛУСТУК ТАРЫХЫЙ-ЧӨЛКӨМ ТААНУУ МУЗЕЙИНИН МҮДҮРҮ:

- Биз казакстандык музей-коруктары менен өнөктөштүк орнотууга жогорку жигердүүлүк менен киришебиз. Казакстандын калкы биздин музейдеги экспонаттар менен таанышса, биздин Волгоград музейине келгендер казак элинин батыш облустарынын тарыхы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

АЙБЕК ТУРАР УУЛУ, «САРАЙШЫК» РМК ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ МУЗЕЙ-КОРУГУ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Бүгүнкү күндө биздин музей-корукта астрахандык археолог окумуштуулар, сүрөтчү-типографтар иштеп жатат. Алар ПлАхов, Пантелеев жана БирюкОв. Өз учурунда алар да бизди чакырып жатышат. Бизге дагы Орусия аймагында археологиялык казууларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ишенебиз.

Алдыдагы убакытта эки өлкөнүн музей-коруктарынын ортосунда илимий-изилдөө жана туристтик мүмкүнчүлүктөрдү жандандырып, өз ара карым-катнаштын чөйрөсүн кеңейтүүгө жогорку мүмкүнчүлүктөр бар.

Фото: camonitor.kz