Николай Рерихтин 145 жылдыгына арналган көргөзмө

Махабаттын улуу күчү. Нур-Султанда Орусиянын залкар сүрөтчүсү, жазуучу, философ Николай Рерихтин 145 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Экспозицияда анын эмгектери менен катар, өмүр баянын чагылдырган экспонаттар коюлду. Дүйнөдөгү тынчтыкты маданияттын күчү менен гана сактоого боло тургандыгына толук ишенген Николай Рерихтин бул позициясы азыр да өзөктүү, дешет адистер. Бүгүнкү күндө анын 7 миңден ашык эмгеги дүйөнүн музейлеринде жана жеке топтомолорунда сакталып турат. Борборго анын 20 чыгармасы алып келинди.

НИКОЛАЙ МАЛЬЦЕВ, ОРУСИЯ ИЛИМ ЖАНА МАДАНИЯТ БОРБОРУНУН МАДАНИЙ ЖАНА КООМДУК ПРОГРАММАЛАРЫНЫН КООРДИНАТОРУ:

- Биз ар дайым Орусиянын тарыхына, маданиятына, өнөрүнө байланыштуу мааракелик даталарды белгилеп өтүүгө аракет кылабыз. Атап айта турган болсом, ал түрдүү көргөзмөлөр, концерттер, адабий-чыгармачылык кечелер болушу мүмкүн. Биз албетте бул тарыхый инсандын өнөрү менен жашоосуна байланыштуу айтылуу датаны айланып өтүп кете албайбыз. Николай Рерих ал сүрөтчү, жазуучу, философ, илимпоз, саякатчы жана коомдук кызматкер. Абдан көп тараптуу белгилүү инсан болгон.

Фото: ksors.kz