Роза Рымбаева Ташкентте жеке концертин берди

Казакстандын эл артисти Роза Рымбаева Ташкентте жеке концертин берди. Ырчынын чыгармачылык кечеси Өзбекстандагы Казакстан жылынын алкагында өттү. Роза Рымбаева көпчүлүккө белгилүү болуп калган чыгармалары менен бирге жаңы композицияларын да аткарды.

ЖЕҢИС СЕЙДОЛЛА УУЛУ, КАЗАКСТАНДЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ, «КАЗАККОНЦЕРТ» МАМЛЕКЕТТИК КОНЦЕРТТИК УЮМУНУН МҮДҮРҮ:

- 2018-жыл Казакстанда Өзбекстан жылы болгон. Ал эми быйыл Өзбекстанда Казакстан жылы. Ушул маданий иш-чаранын алкагында биздин өлкөнүн Маданият жана спорт министрлигинин колдоосу менен Роза Рымбаеванын концерти болуп жатат. Аталган саамалыктын башкы максаты – эки өлкөнүн маданиятын, салт-санаасын өнүктүрүү. Биз бир гана коңшу мамлекеттер эмеспиз. Биз боордош тууганбыз. Биз дал ушул нерсени ар дайым туу тутушубуз керек. Маданият адамдары дал ушундай аракеттерди аткарса эки өлкө да бири-бирине жакын боло түшөт.

Ырчынын чыгармачылыгы бир гана казакстандык өнөр сүйгөн коомду эле эмес, чет өлкөлүк көрүүчүлөрдү да багындырууга жетишкен. Ал Жапония, Орусия, Түркия, Беларусь өлкөлөрүнүн мыкты сахналарында өнөр тартуулаган. Бүгүнкү күндө Роза Рымбаева «Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти» наамына ээ.

Фото: ARNA NEWS