Кытай кыл калем чеберлеринин сүрөт көргөзмөсү

Борбордо «У жяң саймалары» аттуу Кытай кыл калем чеберлеринин Казакстандагы сүрөт көргөзмөсү ачылды. Аталган көргөзмөгө бүткүл кытайлык сүрөтчүлөр коомчулугунун мүчөлөрү баштаган белгилүү сүрөтчүлөрдүн 50 эмгеги коюлду. Көргөзмө искусство көз карашы менен цивилизациялардын кошулган жерин көрсөтүүгө, «Бир алкак, Бир жол» боюндагы аймактардын маданий мурастары менен чыгармачылык жолун изилдеп, Кытай менен Казакстан ортосундагы маданий өнөр алмашуулары жана кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган.

ГУАН ХУҢЧЭН, СҮРӨТЧҮ, ПРОФЕССОР / КЫТАЙ:

- Аталган көргөзмөгө мен өзүмдүн 2 эмгегимди алып келдим. Буга чейин Нур-Султан шаарына көргөзмө өткөрүү үчүн бир нече ирет келип кеткем. Жалпы Казакстанды кошкондо мен дүйнөнүн 30-40 өлкөсүндө көргөзмөлөргө катыштым. Биздин сүрөтчүлөрдүн максаты - ушундай көргөзмөлөрдү өткөрүү аркылуу эки өлкө ортосундагы өнөрпоздордун карым-катнашын калыптандыруу жана тажрыйба алмашуу.

Фото: sxodim.com