Борбордо “Эки даанышман” аттуу өзгөчө көргөзмө ачылды

Бир доордун эки даанышманы: Михаил Лермонтов менен Тарас Шевченко. Нур-Султан шаарында дал ушундай аталыштагы көргөзмө ачылды. Өзгөчө долбоор акындардын 205 жылдыгына арналган. Айта кетсек, 19-кылым дүйнөлүк маданиятка эки көп кырдуу украин жана орус жаратуучусун белекке берген. Алардын тагдырында көптөгөн окшоштуктар болгон: экөө тең көрүнүктүү акын, эркиндик үчүн күрөшүүчү, ошону менен катар таланттуу сүрөтчү. Көргөзмөдө кызыктуу экспонаттар сунушталды: бул графикалык жана көркөм эмгектер, ошондой эле Лермонтовдун портреттери менен сүрөттөрү. Алардын бир бөлүгү Шевченко атындагы музейге белекке берилет.

НИКОЛАЙ МАЛЬЦЕВ, КАЗАКСТАНДАГЫ ОРУСИЯ КЫЗМАТТАШТЫГЫ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН МАДАНИЙ ПРОГРАММАЛАР БОЮНЧА КООРДИНАТОРУ:

- Акындын көзү тирүүсүндө калган портреттери саналуу эле. Алардын көбү азыркыга чейин сакталган эмес. Алардын алтоо бул көргөзмөдө сунушталып жатат. Албетте бул сүрөттөр түп нускасы эмес. Анык жасалган көчүрмөлөрү. Анда да сейрек эмгектер коомдун калың катмарында өтө кызыктуу деп таанылган.

Фото: sputniknews.kz