«Казакстандын мыкты товары» көргөзмө-сынагына Тажикстан катышууда

Нур-Султанда «Улуу талаа өлкөсү» форуму экинчи жолу уюштурулду. Ири жыйынга ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөр, өнүм дистрибьюторлору жыйналды. Форумдун алкагында кол өнөрчүлөр көргөзмөсүнө 100гө жакын чебер катышты. Алар булгаарыдан, айнектен, таш жана ылайдан жасалган укмуштуу буюмдарын тааныштыруу менен бирге чеберчилик дарстарын өткөрүп, тажрыйба алмашты. Быйыл көргөзмөгө ата мекендик ишкерлер менен бирге чет өлкөлүктөр да катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Алсак, улуттук кол өнөрчүлүктү кесипке айландырган тажикстандык ишкерлер Казакстандан өнөктөш издейт. Алар эки жактуу ишкерлик шериктештигинин мүмкүнчүлүктөрү жогору экенине ишенишет.

АБДУСАИД КОЗИЕВ, КОЛ ӨНӨРЧҮ/ ТАЖИКСТАН/

-Биздин улуттук кийимдер азыр суроо-талапка ээ болуп жатат. Европа, Америка, Орусия биздин кийимдерибизди киет. Сиздер тараптан да суроо-талап бар экенин байкадым. Ошондуктан биз келип жатабыз.

АБДУКАХОР ХАМДАМОВ, КОЛ ӨНӨРЧҮ/ ТАЖИКСТАН/

-Токума тармагында шериктештик орнотууга болот. Биздеги ангора ийрилген жиптерине, сапаттуу жүнгө суроо-талап бар. Мисалы, башма-баш алмаштыруу тууралуу келишимге жетиштик. Баасы да, жеткирүү мезгили  жагынан да натыйжалуу болуусу үчүн эми өнүмдү жеткирүү жолдорун ойлонуштуруу керек.

Фото: Егемен Қазақстан